super.kg logo

Коопсуздук кеңешинде аскердик тартип маселеси талкууланды

 

Бүгүн, 10-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков күч жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында аскер кызматкерлеринин арасындагы моралдык-психологиялык абалды жакшыртуу жана аскердик дисциплинаны бекемдөө маселелери талкууланды.

Адилет Орозбеков командирлер бөлүктөрдөгү психологиялык кырдаалды жеке көзөмөлдөп, чыр-чатак, кысым же башка көйгөйлөр белгилери байкалса дароо чара көрүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Ал ошондой эле мындай фактыларды жашыруу же текшерүүлөргө формалдуу мамиле кылуу кызматтык тартипти одоно бузуу катары караларын айтты.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга аскер кызматкерлеринин арасындагы уставдан тышкаркы мамилелерди жоюуга багытталган ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: