super.kg logo

Тилек Текебаев тургундарды балдарын ЖОЖдордо окутууга чакырды

 

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районундагы Үч-Коргон айылынын тургундары менен жолушууда тургундарды балдарын жогорку окуу жайларда окутууга чакырды.

Айтымында, аймактагы кадр маселесин чечүү үчүн облустагы ЖОЖдо гранттык орундар бөлүнүп жатат.

"Балдарыбызды окутпай, Орусия жана башка жактарга кетирип жиберебиз да, анан эле кадр жок деп калабыз. Балдардын баарын окуу жайда окуткула. Окуу жайда жеңилдиктер берилип жатат",- деди облус башчысы.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Үсенов окуу жайдагы жаңы ачылган адистиктер боюнча маалымат берип, ата-энелерди балдарын окутууга үндөдү.

"Темир жол салынып жаткандыгына байланыштуу бул багыттагы бир топ адистиктерди ачтык. Муну менен катар туризм тармагындагы адистик ачылды. Медицина багыты боюнча мурда гранттык орундар берилчү эмес. Былтыр 50 орун берилген. Быйыл 100 орун болүнөт деп күтүп жатабыз",- деди ректор.






Облус башчысы тургундарды балдарды окутууга чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: