super.kg logo

"Майлуу-Суу" заводун жандандырууга 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү 

 

Президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында өлкө аймактарын кыдырып көчмө жыйындарды өткөрүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, буга байланыштуу Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда ал министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси менен заводдун ишин кайра жандандыруу максатында 1 миллиард 159 миллион 863 миң сом бөлүнгөнүн билдирди. Ал эми 116 миллион 900 миң сом эмгек акы жана жумуштан бошогондордун жөлөкпулдары боюнча карыздарды жабууга багытталган. 600 миллион сом ишкананын карыздарын жабууга жумшалып жатканы айтылды.

Учурда ишкананын өндүрүштүк инфраструктурасын жаңылоо, инженердик тармактарды реконструкциялоо жана аларды заманбап талаптарга ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Заводдун аймагында индустриалдык парк түзүү жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер аткарылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: