"Манас" университетинин аймагындагы тосмолорду алууда тоскоолдуктар жаралды (видео)
Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тосмолорун алууда каршылык көрсөтүшүүдө. Интернет желесине анын видеосу тарады.
Тасмада жумушчулар тийиштүү техника менен аталган окуу жайдын айланасын тосуп турган айрым тосмолорду бузууга келгенин байкоого болот. Бирок аларга түрк улутундагы жарандар каршылык көрсөтүштү.
Ал эми окуу жай тосмолорду алууда ТИМ аркылуу малдашуу керектигин белгилешүүдө.
Мэрия азырынча расмий маалымат бере элек.
Эсиңиздерде болсо муниципалитет Миңжылкиев көчөсүн узартууну пландап жатат. Жаңы жол университеттин аймагы аркылуу өтөт.
"Манас" университетинин аймагындагы тосмолорду алууда тоскоолдуктар жаралды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:42
2026-06-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















