super.kg logo

"Манас" университетинин аймагынан өткөн Миңжылкиев көчөсүнүн курулуш иштери башталды 

 

Бишкек шаарында Башкы планды ишке ашыруунун алкагында Миңжылкиев көчөсүнүн курулуш иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мэр Айбек Жунушалиев курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан жерге барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда долбоордун мааниси, анын негизги параметрлери, ошондой эле шаар тургундарынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо боюнча каралган чаралар тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

"Көчөнүн жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, көчө азыркы жол тилкесинин багыты боюнча 8 метр кеңдикте курулат. Ошондой эле жолдун эки тарабына жөө адамдар үчүн тротуарлар салынып, жашылдандыруу милдеттүү түрдө толугу менен сакталат. Жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспекти Тыналиев көчөсү, андан ары Курчатов көчөсү менен байланыштырылат",- деп белгиленди маалыматта.

Буга чейин интернет желесинде окуу жайдын тосмолорун алууга каршылык көрсөткөн жарандар боюнча видео тарады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: