Ошто жаңы жол куруу үчүн мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүүдө
Ош шаарындагы Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Турсунбаева жана Масалиев көчөлөрүн бириктирген жаңы жолдун курулушу уланууда.
Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, жол куруу иштеринин алкагында анын аймагына мыйзамсыз чыгып кеткен курулуштар алынууда. Тактап айтканда, айрым турак жайлар жана мончолор жол тилкесине кирип калгандыктан сүрдүрүлгөн.
Учурда тоскоолдук жараткан объектилердин бардыгы алынып, көчөнү куруу иштери активдүү жүргүзүлүп жатат.
Долбоор шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртып, унаа кыймылын жеңилдетүүгө багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:32
2026-06-11
17:32
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















