Футбол-2026: Германия курамасы Кюрасаону 7:1 эсебинде жеңди
2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун Е тайпасында Германия курамасы Кюрасаону 7:1 эсебинде жеңип, турнирди ишенимдүү баштады.
Беттештин 6-мүнөтүндө Германиянын оюнчусу Феликс Нмеча эсепти ачса, 21-мүнөттө кюрасаолук Ливано Комененсия жооп голун киргизди. Андан соң Нико Шлоттербек, Кай Хаверц, Жамал Мусиала, Натаниэль Браун жана Дениз Ундав гол жаратып, Германиянын ири жеңишин камсыздашты.
Жыйынтыгында Германия алгачкы оюнунда үч упайга ээ болуп, тайпадагы лидерлердин катарына чыкты.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Турнирге 48 курама катышып, алар 12 тайпага бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:26
2026-06-13
19:35
2026-06-13
16:28
2026-06-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















