super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстан менен Грузия спорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

 

Кыргызстан менен Грузия спорт тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документке Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзе жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Грузия өкмөт башчысынын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кол коюлду.

Меморандум Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Спорт министрлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган. Анын алкагында тажрыйба алмашуу, спортчулар менен машыктыруучуларды даярдоо, ошондой эле эл аралык мелдештерге катышуу боюнча кызматташтык кеңейтилет.

Тараптар бул келишим эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдеп, спорт тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: