Адылбек Касымалиевдин учагы Ташкенткен конду. Жумушчу сапардын максаты кандай?
Бүгүн, 16-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына келди.
Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, төрагасынын учагы “Хумо” эл аралык аэропортуна конду.
Касымалиевди Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.
Белгилей кетсек, жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлөт жана бир катар объекттерге барат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















