Пакистанда канча кыргыз жараны бар экени айтылды
2025-жылы Кыргызстандын аймагына 14 миң 594 Пакистан жараны кирген. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айтты.
Жыйында Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.
Орун басардын айтымында, былтыр 15 миң 280 пакистандык өлкөдөн чыгып кеткен.
"Учурда өлкө аймагында Пакистандын 18 жараны соттолгон. Анын ичинен бирөө өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын өтөп жатат", - деди ал.
Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин маалыматы боюнча 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата консулдук каттоодо 191 кыргыз жараны турат. Алардын 120сы туруктуу, 71и убактылуу каттоодо турат.
"Алардын басымдуу бөлүгү Пакистан жаранына турмушка чыккан кыргыз аялдары жана балдары, диний окуу жайда билим алып жаткан жаш кыргызстандыктар түзөт", - деди орун басар.
Пакистан
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















