Өкмөт башчы Балыкчыдагы оорукананы көрүп келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 14-июнда Балыкчы шаардык жалпы дарыгердик практика борборуна барды.
Өкмөт башчы ал жерде мекеменин учурдагы абалы, бейтаптарды кабыл алуу шарттары менен таанышты.
Анда оорукананын негизги имараты азыркы учурда аянычтуу абалда экендиги белгиленди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине, Курулуш министрлигине жана жергиликтүү бийлик органдарына шаардык оорукананын жаңы заманбап имаратын куруу боюнча финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















