Депутаттарга кошумча акы төлөнүүчү ишмердүүлүккө уруксат берилди
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутатынын статусу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду.
Жаңы нормаларга ылайык, депутаттар негизги ишинен тышкары педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенип, ал үчүн мыйзамдуу түрдө акы ала алышат. Бирок мындай иштер парламенттин жана анын түзүмдөрүнүн жыйындарынан бош убакытта гана жүргүзүлүшү керек.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















