super.kg logo
  Саясат  

Марлен Маматалиев Сокулук районундагы көгөйлөр менен жеринде таанышты

 

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Чүй облусунун Шопоков шаарындагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди жеринде көрдү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө спикер саркынды сууларды тазалоочу курулманын абалы менен таанышып, объекттин толук эскиргендигин белгиледи. Ал тиешелүү жетекчилерге сметалык документтерди даярдоону жана жаңылоо иштерин 2027-жылга чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Ошондой эле Сокулук райондук эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын имараты менен таанышып, мекемени заманбап имарат менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Бул багытта долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана каржылоо маселесин чечүү тапшырылды.

Мындан тышкары Шопоков шаарындагы борбордук стадиондун абалы да текшерилип, спорттук жайды капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгы айтылды. Тиешелүү кызматтарга жаңылоо иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.

Иш сапардын соңунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өтүп, жолдор, таза суу, газ, электр энергиясы, билим берүү жана жумуш орундарын түзүү сыяктуу бир катар маселелер көтөрүлдү. Көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү иштер улантылары белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: