Жээнбек Кулубаев Кызыл Крест федерациясынын башчысы Кейт Форбс менен жолугушту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдору федерациясынын президенти Кейт Форбс менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу, кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бишкекте жайгашкан Эл аралык федерациянын Борбор Азия боюнча регионалдык кеңсесинин ишмердүүлүгүнүн мааниси белгиленди.
Ошондой эле ыктыярчылар жылына даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун 100 жылдыгын белгилөө маселелери каралды. Климаттык күн тартиби жана тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүү боюнча да пикир алмашуу болду.
Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясынын кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















