super.kg logo

ИИМ Ташиевдин тергөөдө тартылган видеосу боюнча түшүндүрмө берди

 

Социалдык тармактарга тараган Камчыбек Ташиевдин тергөө маалында тартылган видеосу боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берди.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макиловдун айтымында, алгач "75 аксакалдын иши" боюнча соттук процесс жабык режимде өтүп келген. Мындай чечим тергөөнүн кызыкчылыгын камсыздоо жана күбөлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынган.

Кийинчерээк соттолуучулар, анын ичинде Камчыбек Ташиев, Нурланбек Шакиев жана Курманкул Зулушев соттук процессти ачык өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Натыйжада сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, иш боюнча купуялуулук режими алынган.

Макилов тергөө учурунда тартылган видеолордун интернетке тарап кетишин атайын уюштурулган аракет же саясий максатты көздөгөн кампания катары кароого негиз жок экенин билдирди.

"Тергөө маалында тергөөчүнүн чечими менен видео материалдар тартылышы мүмкүн. Бирок алардын социалдык тармактарга кандай жол менен чыгып кеткенин билбейм", – деди ал.

Эске салсак, интернетке тараган видеодо Камчыбек Ташиев камакка алынган учурда анын жердештери жол тосуп, башаламандык чыгарышы мүмкүн экенин айтып жатканын угууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: