Казакбаев Амасьянын губернатору менен кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
28-июлда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Амасья провинциясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Амасьянын губернатору Өндөр Бакан менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалы, аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу, айыл чарба, туризм, билим берүү жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берип, быйыл өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына токтолду. Ошондой эле Амасья провинциясынын өкүлдөрүн Кыргызстанга жумушчу сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2026-07-29
11:12
2026-07-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















