Чүй проспектиндеги имараттын фасады оңдолуп, мурал убактылуу жабылат
Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Чүй проспекти, 134 дарегинде жайгашкан имараттын фасадын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин алкагында фасаддын шыбагы жаңыланып, бузулган элементтери калыбына келтирилет. Ошондой эле имарат толугу менен сырдалып, анын техникалык абалын жакшыртуу, сырткы көрүнүшүн жаңылоо жана архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлөт.
Оңдоо учурунда имараттагы муралдын техникалык абалы канааттандырарлык эмес деп табылгандыктан, ал убактылуу боёк менен жабылат.
Учурда муралды кайра калыбына келтирүү жана жаңылоо маселеси боюнча долбоордун мурдагы авторлору жана демөөрчүлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленди.
Шаар бийлиги тургундарды жана конокторду оңдоо иштери жүрүп жаткан аймакта коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















