Ошто уруксат кагаздары жок курулуш убактылуу токтотулду
Ош шаарында уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объекттин курулушу убактылуу токтотулду.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Сатиев көчөсүндөгү №13 даректе жайгашкан жеңил типтеги курулуш объектиси тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы аныкталган.
Бул факт Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу катары бааланган.
Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзгөн жаранга карата административдик чара көрүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Тийиштүү документтер толук таризделгенге чейин курулуш иштерин жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















