Жогорку Кеңештин төрагасы АКШ элчиси менен эки тараптуу кызматташууну талкуулады
Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Төрага Марлен Маматалиев АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен элчини куттуктап, эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү бардык багытта бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өз сөзүндө соода-инвестициялык байланыштарды кеңейтүү аркылуу эки тараптуу соода жүгүртүүнү жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.
Ошондой эле парламенттик дипломатиянын ролуна токтолуп, депутаттык достук топторунун ишин жандандыруу жана туруктуу байланыштарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Жолугушууда визалык режим маселеси да көтөрүлдү. Төрага кыргызстандык жарандар үчүн визалык шарттардын катаалдашына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, күрөөнүн көлөмүн кайра карап чыгууга көмөктөшүүнү өтүндү.
Өз кезегинде элчи Лесли Вигери жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, АКШ Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө маани берерин айтты. Ал визалык эрежелер коопсуздук жана мыйзам бузууларды алдын алуу максатында киргизилгенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар инвестициялык климатты жакшыртуу, гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















