Албаниянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Бүгүн, 17-июнда, Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Ал жетектеген учак Ысык-Көл эл аралык аэропортуна конду.
Маалыматка ылайык, расмий тосуп алуу аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, ошондой эле маданий иш-чараларга катышуу пландалууда.
Бул сапар Кыргызстан менен Албания ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2026-07-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















