Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургга иш сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарына эки күндүк иш сапары менен барды.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, иш сапардын алкагында минкаб башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүүгө арналган Эл аралык конференцияга катышат.
Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө тараптардын маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле эки өлкө ортосундагы өз ара байланышты бекемдөө маселелери талкууланышы күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















