super.kg logo
  Саясат  

Албания президентинин өлкөгө расмий сапарында айтылган маселелер 

 

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Албаниянын президенти Байрам Бегайдын өлкөгө болгон расмий сапары тууралуу маалымат берди.

Айтымында, кыргыз тарап бүгүнкү жолугушууда бир катар сунуштарды берген.

"Бул сапар президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен алгачкы сапар болду. Биз албан тарапка санариптештирүү, түз аба каттамдарын ачуу боюнча сунуштарды бердик. Көчмөндөр оюндарына алардын спортчуларын чакырдык. Банк тармагындагы кызматташтык - биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири. Ошондой эле маданий тармактардагы кызматташтык боюнча айтылды. Албания географиялык рельефи боюнча бизге окшош тоолуу өлкө. Ошондуктан 2027-жылы бизде октябрь айында Тоо саммитине жогорку деңгээлде катышууга чакырдык",- деди ал.

Ошондой эле Абдумуталип Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмунун туруктуу эмес мүчөсү болушу көптөгөн өлкөлөрдүн кызматташуу боюнча кызыкчылыгын жаратканын белгиледи.

Албаниянын президенти Байрам Бегай 17-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Бүгүн Чолпон-Атадагы Рух-Ордо маданий борборунда президент Садыр Жапаров менен Бегайдын расмий жолугушуусу орун алды.






Албания президентинин өлкөгө сапары 

Албания президентинин өлкөгө расмий сапарында айтылган маселелер 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: