Депутат Жороев VIII чакырылыштын курамы экс-спикердин үйүндө талкууланганын айтты
Эл өкүлү Исманали Жороев Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-ибндагы жыйынында VIII чакырылыштагы парламенттин түзүмү жана кызмат орундарын бөлүштүрүү мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун үйүндө талкууланганын билдирди.
Анын айтымында, учурда “75 аксакалдын каты” айланасындагы жагдайды иликтөө үчүн түзүлө турган парламенттик комиссиянын кароосуна бул маселени да киргизүү зарыл.
“Баарыбыз билебиз, шайлоодон кийинки эле күнү адамдар мурдагы төраганын Аксыдагы үйүнө чогулушкан. Ал жерде ким кайсы кызматка барат, ким кайсы комитетти жетектейт, ким вице-спикер болот, баары ошол жакта чечилген. Бул маселени дагы комиссия карасын”, — деди Жороев.
Депутат Жороев VIII чакырылыштын курамы экс-спикердин үйүндө талкууланганын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















