Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары аныкталды. Алар кимдер?
2025-жыл үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык адабият, музыкалык искусство жана кино искусствосу багыттары боюнча ыйгарылды. Бүгүн, 18-июнда президенттин басма сөз кызматы маалымат берип, жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун билдирди.
Адабият жаатындагы сыйлык жазуучу Ишен Айтмамбетовго "Бет-Алман" тарыхый романы үчүн берилди.
Музыкалык искусство жаатындагы сыйлыктын ээси композитор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Түгөлбай Казаков болду. Ал сыйлыкка "Боз жорго" музыкалык чыгармасы үчүн татыды.
Ал эми кино искусствосу, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сыйлык режиссёр жана сценарист Тилек Абдыкадырга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган төрт сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн ыйгарылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















