Манасты Ооганстан деп атаган мэр Абдупата Маткаликов жумуштан кетти
Абдупата Маткаликов Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Анда Маткаликовдун жумуштан кеткенинин себеби айтылган эмес.
Эскерте кетсек, Маткаликов Манас шаарына мэр болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган. Экс-мэр шаарды Ооганстанга салыштырганы менен көпчүлүктүн эсинде калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















