Ошто 20 мектептин курулушу уланууда
Ош шаарында жаңы мектептердин жана кошумча окуу корпустарынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Учурда бир мезгилде 20 билим берүү объектиси курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын 10у президенттин турукташтыруу фондунан, калганы жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Курулуп жаткан объектилердин арасында №37 Г. Айтиев атындагы орто мектептин кошумча корпусу да бар.
Шаар бийлиги жаңы окуу жылында окуучулар заманбап шарттагы жаңы имараттарда билим ала баштаарын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















