super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түркия парламентинин депутаты Күршад Зорлуну кабыл алды

 

18-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Түркия парламентинин депутаты Күршад Зорлу менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркия менен ишенимдүү өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди жогору бааларын айтты. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны ортосундагы кызматташтык туруктуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Күршад Зорлу жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Режеп Тайип Эрдоган тарабынан жолдонгон саламды жеткирди. Ал акыркы жылдары кыргыз-түрк мамилелери толук кандуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканын белгилеп, бул кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып жатканын айтты.

Ошондой эле түрк депутаты эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү учурда болжол менен 1,6 миллиард АКШ долларына жеткенин белгилеп, келечекте бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга чейин көбөйтүү мүмкүн экенине ишеним билдирди.

Мындан тышкары Күршад Зорлу Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө жана бардык өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: