super.kg logo

Талант Мамытов менен Бекмырза Чолпонбай уулу Базар-Коргондогу көйгөйлөрдү талкуулашты

 

18-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов жана Бекмырза Чолпонбай уулу Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда райондун жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер каралып, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Айрыкча инфраструктураны жакшыртуу, энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду. Ошондой эле жергиликтүү депутаттар тарабынан көтөрүлгөн сунуштар менен көйгөйлөр боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар сунуш-пикирлер жолдонору белгиленди.

Эл өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташуу аймактарды өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө аларын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: