Кыргызстандын демографиялык мүмкүнчүлүгү талкууланды
Бишкекте Кыргызстандын демографиялык өнүгүүсүнө жана адам капиталын чыңдоого арналган «2050-муун» изилдөөсүнүн презентациясы өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада өлкөнүн жаш калкынын потенциалын натыйжалуу пайдалануу үчүн билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана жаштарды жумуш менен камсыздоо тармактарын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле адистер балдарга жана жаштарга инвестиция салуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири экенин белгилешти.
Изилдөөнүн жыйынтыктары келечектеги мамлекеттик программаларды жана стратегияларды иштеп чыгууда колдонулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2026-07-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















