super.kg logo

Балдар нан талашып жеп... Чоң-Кеминдеги жайкы лагерге нааразы болгондордун видеосу тарады

 

Чүй облусунун Чоң-Кемин районунда жайгашкан балдардын жайкы лагерине байланыштуу ата-энелердин нааразылык билдирген видеосу социалдык тармактарга тарап жатат. Видеодо балдар тар жана жеңил курулушта жашап жатканы көрүнөт.

Күбөлөр лагерде антисанитардык абалда экенин белгилеп, балдар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөнүн айтышууда. Ошондой эле дары-дармектер да жетишсиз.

Видеодо балдардын нан талашып жеп жаткан учурлары да көрүнөт. Мындан тышкары айрым балдардын дене табы көтөрүлүп, ооруп жатканы боюнча да маалыматтар айтылууда.

Нааразы болгон ата-энелер бул лагерди жарнамалаган блогерлердин да жоопкерчилиги каралышы керектигин белгилеп, тиешелүү органдардан текшерүү жүргүзүүнү талап кылышууда.






Чоң-Кеминдеги жайкы лагерге нааразы болгондордун видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.06.2026. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керек болсо маймылдын балдарын да мынтип тар жерге камап ачкарын чырылдатканга акыл эси соо адамдын колу барбайт, шермендечилик уят
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: