super.kg logo

"Министр телефон чалат деп күткөн эмесмин". ЖРТдан эң жогорку упай алган Айдай менен маек (видео)

 

Өлкөдө жакында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары белгилүү болду. Бул жылы өлкөдө ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң көп упай 239ду түздү. Ага республика боюнча эки бүтүрүүчү ээ болду.

Анын бири Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова болсо, экинчиси Кочкор районундагы мектепти аяктап жаткан Айдай Абылаева.

Айдай Абылаева Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү. Айдай менен байланышып, ЖРТга даярдыгы, максаттары, тандап жаткан кесиби тууралуу баарлаштык.

- Айдай, Алтын сертификат алышың менен куттуктайбыз! Өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

- Чоң рахмат! Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 239 балл алдым.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева телефон чалат деп күткөн эмесмин. Ал учурда апам жанымда болчу. Бул жаңылыкты угуп үй-бүлөм менен бирге кубандык.

- Мындай жыйынтыкты күттүңүз беле?

- ЖРТга даярданып жатканда өзүмө Алтын сертификатты алам деген максат койгон болчумун. Тестти тапшыргандан кийин жогору баллды күтүп тургам. Бирок Кыргызстан боюнча биринчи орунда болом деп ойлогон эмесмин.

- Тестирлөөгө кантип даярдык көрдүңүз? Мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн канча убакыт талап кылынды?

- ЖРТдан жогору упай алышыма мектебимдеги агай-эжейлеримдин берген билими абдан чоң жардам берди. Албетте, мектептен тышкары дагы атайын курстарга барып, даярдандым. Көп жолу сынакмык тесттерден өттүм. Алар менин каталарымдын үстүнөн иштөөгө жардам берди.

Тестти орус тилинде тапшыргам. Буга чейин даярдык жакшы болгону үчүн тестте мага жеңил болду.

7-класста окуп жүргөндө апам Алтын сертификат тууралуу айтып, түшүндүрүп берген. Ошондон баштап жакшы окуп, тестке даярдана баштагам. Бул жыйынтык мугалимдердин жана ата-энемдин колдоосу менен болуп жатат. Аларга ыраазычылык билдирем.

- Кайсы кесипти аркалайын деп турасыз?

- Келечекте дипломат болгум келет. Эл аралык мамилелер факультетине тапшырам. Окуу жайды караштырып жатам.

- Бүтүрүүчүлөргө кандай кеп-кеңеш бересиз?

- 1 же 2 жыл мурун аз-аздан даярдана баштасаңар силерге жеңил болот. Өз алдынча иштөө да жакшы жыйынтыкка алып келет.

- Айдай, рахмат, окууларыңызга ийгиликтерди каалайбыз! Максаттар, кыялдар орундалсын.



кошулду





ЖРТдан эң жогорку балл алган Айдай менен маек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: