14 жаштагы бала туугандары тарабынан зомбулукка кабылганын айтып чыкты
19-июнда Live пресс редакциясына жашы жете элек өспүрүмдөн кооптуу видео кайрылуу түшкөн.
Маалыматка ылайык, 14 жаштагы А. аттуу өспүрүм видеокайрылуу аркылуу жардам сурап, туугандары тарабынан физикалык зомбулукка кабылып келерин билдирген. Ал мажбурлап иштетүү, денесине жаракат келтирүү жана учтуу буюм менен зыян келтирүү учурлары болгонун айткан. Өз сөздөрүн тастыктоо иретинде денесиндеги жаракат издерин көрсөткөн.
Өспүрүмдүн айтымында, мындай шартта ал эки жарым жылдан ашык убакыттан бери жашап келген.
Жаран тарабынан берилген маалыматтан кийин өспүрүмдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында ал Чүй районунун ички иштер органдарына жеткирилген. Учурда ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп, тиешелүү текшерүү жана чара көрүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.
Бала
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















