Баткенде селдин кесепеттери жоюлууда
Баткен облусундагы селдин кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюуга 100 куткаруучу, 29 техника, 3 мотопомпа 53 кызматкер тартылган. Жалпысынан сел 1 турак үйдүн ичине, 177 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн жертөлөсүнө, 1 айыл өкмөттүн короосуна, 23 турак үйдүн чарбалык курулуштарына кирген.
Мындан тышкары, 8 миң 800 метр ички чарбалык жолду бузган, 13 электр мамычаларын, 10 даана лоток агып кеткен жана 6 чакырым жол ар жеринен кум шагылга толгон, 3 ички чарбалык көпүрө, 1 электр тармактар ишканасы сел калдыктарына толуп, 4 миң метр сел өтүүчү сай ар жеринен эрозияга учураган.
Кечээ 22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунда сел жүргөн. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча чукул тапшырмаларды берип, иштер жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2026-07-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















