super.kg logo

Ошто үйү бузулган тургундарга жаңы турак жайлар берилүүдө

 

Ош шаарындагы Ош көчөсүн кеңейтүү долбоорунун алкагында жол курулушуна байланыштуу снос иштери уланууда. Айрым тургундар турак жайларын өз ыктыяры менен бузуп жатышса, жолдун курулушуна тоскоолдук жараткан объектилер мыйзам чегинде шаардык кызматтар тарабынан алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэриясынын атайын комиссиясы учурда кенемте төлөө маселесин карап жатат. Алгачкы этапта үйү толугу менен бузулган жарандарга кенемте каралып, аларга “Эне-Сай” жаңы конушунан даяр үй же жер тилкеси сунушталууда. Азыркы тапта бир катар тургундар жаңы турак жайларга көчүп баштады.

Мэриянын маалыматына ылайык, кенемте төлөө процесси мыйзам талаптарына ылайык ачык-айкын жүргүзүлүп, жарандардын укуктары толук камсыздалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: