super.kg logo

ШКУ өлкөлөрүнүн адам укуктарын коргоо боюнча институттары меморандумга кол койду

 

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук укук коргоо институттарынын биринчи консультативдик жолугушуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстандын тиешелүү институттарынын өкүлдөрү катышты. Индия өкүлдөрү онлайн форматта кошулду.

Жыйында президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкө башчысынын куттуктоосун окуп берди. Ал эми акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул жолугушуу мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөгө жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Орусия, Өзбекстан, Иран жана ШКУнун өкүлдөрү адам укуктары жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маанилүү экенин баса белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар ортосунда кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумдарга кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: