Төрага Марлен Маматалиев ШКУ өлкөлөрүнүн акыйкатчылары менен жолугушту
Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында иш алып барган институттарынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюму уюмундагы төрагалыгынын алкагында уюштурулган акыйкатчылардын биринчи консультациялык жыйынына байланыштуу өттү.
Марлен Маматалиев бүгүнкү күндө ШКУ коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелерин талкуулаган эл аралык аянтча гана эмес, гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, коомдук диалогду бекемдөө жана адам укуктарын коргоо боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүү механизми болуп калганын белгиледи.
Ошондой эле ал кыргыз парламенти Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын айтып, учурда “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзамды өркүндөтүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр институттун көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана жарандардын укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Төрага акыйкатчылардын биринчи консультациялык жолугушуусун ШКУ алкагындагы жаңы салттын башталышы катары баалап, мындай формат жалпы позицияларды иштеп чыгууга жана биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашырууга шарт түзөрүн белгиледи.
Жолугушууга ошондой эле Жамиля Жаманбаева, Гүнара Акимбаева жана ШКУнун башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань катышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















