Ош облусунда ВИЧтен жабыркагандар боюнча компенсация жана социалдык колдоо маселеси көтөрүлдү
Ош облусунда 2005-2007-жылдары ВИЧ инфекциясы жайылган окуядан жабыркаган балдардын ата-энелери Жогорку Кеңеш депутаты Уланбек Жаанбаев менен жолугушуп, социалдык көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиртшти.
Маалыматка ылайык, алар жөлөк пулдардын көлөмүн кайра кароо, инфляцияга ылайыкташтыруу жана балдардын билим алуусундагы контракттык төлөмдөрдү мамлекет тарабынан жабуу маселесин айтышты.
Жолугушууда эң негизги маселе компенсация болду: ата-энелердин айтымында, жүздөгөн жабырлануучунун ичинен аз гана бөлүгү компенсация алган, ал эми көпчүлүгүнө чейин толук жетпей келет.
Депутат тиешелүү министрликке бардык жабырлануучулардын социалдык-экономикалык абалын кайра баалоону сунуштап, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай маселесин кароону жана каражатты түздөн-түз турак жайга багыттоо мүмкүнчүлүгүн көтөрдү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















