Милиция жарандарды сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында сууга түшүү мезгилинде этият болууга чакырды.
Маалыматка ылайык, 23-июнда Ноокат РИИБинин кызматкерлери район аймагындагы эс алуу жайларында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чара учурунда дарыялардын жана көлмөлөрдүн кооптуу тилкелерине эскертүү тактайчалары орнотулду жана жарандарга коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү.
Өзгөчө көңүл жаш балдардын коопсуздугуна бурулуп, алар сууга ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө гана түшүшү керектиги эскертилди.
Белгиленгендей, Ош облусунда сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген 40ка жакын дарыя жана канал бар. Ушуга байланыштуу алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жайкы мезгил бою улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















