Бишкектеги курулуш объектисинде чыккан өрт үчүн компанияга 200 миң сом айып салынды
23-июнда Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Калтар айылындагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө өрт чыкты.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, окуя боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин инспекторлору текшерүү жүргүзүп, өрт гидроизоляциялык материалдын күйүүсүнөн чыкканын аныкташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт курулуш иштеринде ширетүү учурунда чыккан учкундардын чачырашынан улам тутанган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияга коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн жазуу түрүндө эскертүү берилип, 200 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле компанияга өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо боюнча талаптарды күчөтүү, курулуш объектисине инженердик-техникалык экспертиза жүргүзүү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундуларын алуу милдеттендирилди.
Курулуш министрлиги курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарын көзөмөлдөө мындан ары да күчөтүлөрүн билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















