4 кампа иштебей... Ошто таза суу көйгөйү жетекчинин иштен кетишине алып келди (видео)
Ош шаарында таза суу берүүнүн үзгүлтүккө учурашы жаңы курулган суу резервуарларынын пайдаланылбай калышына байланыштуу экени маалымдалды.
Мэриянын маалыматына ылайык, 2025-жылы пайдаланууга берилген суу кампалары ишке киргизилсе, шаардын бир бөлүгүн суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүн болмок. Бирок алар иштетилбей калгандыктан, айрым райондордо суу берүү убактылуу токтогон.
Мындан улам аталган кампалар текшерүүгө алынып, “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Байкишиев кызматтан бошотулду.
Эскерте кетсек, нөшөрлүү жаандан кийин шаардыктарга таза суу берүү бир нече күнгө үзгүлтүккө учурады.
Ошто таза суу көйгөйү жетекчинин иштен кетишине алып келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2026-07-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















