Чүйдө кыш заводунун продукциясынын сапаты текшерүүгө алынды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан кыш чыгаруучу заводдо продукциянын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Курулуш министрлигине караштуу Курулушту сертификаттоонун республикалык борборунун адистери көчмө текшерүү өткөрүштү.
Текшерүүнүн алкагында өндүрүш жабдууларынын техникалык абалы, технологиялык талаптардын аткарылышы, өндүрүштүк документтердин жүргүзүлүшү жана даяр продукцияны сактоо шарттары каралды.
Ошондой эле лабораториялык сыноолор үчүн кыштын үлгүлөрү алынып, алардын ченемдик талаптарга шайкештиги изилденет. Жыйынтыгында продукцияга сертификат берүү же андан баш тартуу боюнча чечим кабыл алынат.
Белгилей кетсек, курулуш материалдарынын сапатына көзөмөл жүргүзүү курулуш объекттеринин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















