Чүйдө “Комбикорм заводу” курулушунда мыйзам бузуу аныкталып, айып пул салынды
Чүй облусунда курулуш объекттерине жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кемин районунун Хутор-4 аймагындагы “Комбикорм заводу” курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгынын маалыматына ылайык, объектте курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталган. Ошондой эле объект мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан курулуп жатканы белгилүү болгон.
Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу деп табылып, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Натыйжада “БМ” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик орган курулуш компанияларын бардык иштерди мыйзамга ылайык жүргүзүүгө жана техникалык талаптарды так сактоого чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















