super.kg logo

Ат-Башыда суу каптоо коркунучун азайтуу иштери күчөтүлүүдө

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районундагы сел жана суу каптоо коркунучун азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, министр Баш-Кайыңды айылындагы Ат-Башы суусунун жээгин бекемдөө үчүн курулуп жаткан шпоранын курулушун жеринен көрүп, иштердин жүрүшүнө жана сапатына баа берди. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр каралып, жооптуу мекемелерге конкреттүү милдеттер жүктөлдү. Канатбек Чыныбаев аймактагы суу каптоо коркунучун азайтуу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

ӨКМ өлкө аймактарында табигый кырсыктардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди улантып жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: