Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча №2 медициналык-социалдык эксперттик комиссиясында коррупциялык схема аныкталды.УКМКнын маалыматына ылайык, алар жарандардан майыптыкты аныктоо жана анын мөөнөтүн узартуу маселелерин чечип берүү үчүн системдүү түрдө акча алып турушкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө комиссиянын Ч.Т. аттуу төрагасы жана Т.Э. аттуу эксперт-дарыгери кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Супер-Инфо
super.kg видео
















