Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан жатакана боюнча чара көрүлдү
Бишкек шаарындагы Турусбеков көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан 3 кабаттуу жатакананын курулушунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталгандыгы жана объект мамлекеттик курулуш реестрине катталбай иштеп жатканы белгилүү болгон.
Натыйжада курулушту жүргүзгөн "Янцзы" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.
Тиешелүү мекеме курулуш компанияларын мыйзам талаптарын, курулуш нормаларын жана техникалык эрежелерди так сактоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















