super.kg logo

Алымбек датканын урпагы кыргыз жарандыгын алды

 
Алымбек датканын урпагы Абдумалик Бекзат Кыргыз жарандыгын алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашев билдирди.
Анын айтымында, Абдумалик мырза - Алымбек датка менен Курманжан датканын тун уулу Абдылдабектин урпагы.
"Кезинде тарыхтын татаал бурулуштарынан улам ата-бабаларыбыздын айрым урпактары чет өлкөлөрдө калып кеткен. Бүгүн алардын өз элине кайтып келиши тарыхый адилеттүүлүктүн орношу катары бааланууда. Бул ишке колдоо көрсөткөн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз",- деп билдирген депутат.
Эскерте кетсек, Абдумалик Бекзат Ооганстандан Кыргызстанга алгачкы жолу 2024-жылы келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: