super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин мэри эл аралык уюмдун вице-президенти болуп шайланды

 
Кечээ, 25-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Марокконун Танжер шаарында өткөн дүйнөлүк "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер" уюмунун кезектеги конгрессинде бир добуштан уюмдун вице-президенти болуп шайланды.
Мэриядан билдиргендей, аталган уюмдун вице-президенттери жетекчилик курамга кирип, шаарларды туруктуу өнүктүрүү, санариптештирүү, экология жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууга катышат.
"Бишкек мэринин бул кызматка шайланышы борбор калаа үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналат. Шаардын эл аралык аброю өсүп жатканын тастыктайт жана дүйнө шаарлары менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык долбоорлорго катышууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат",- деп белгиленген маалыматта.
Маалымат үчүн: "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер" уюму жергиликтүү жана аймактык бийликтердин ири эл аралык уюму болуп саналат. Ал дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүнөн 240 миңден көп шаарды, муниципалитетти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларын бириктирип, алардын кызыкчылыктарын глобалдык деңгээлде, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык институттар менен өз ара аракеттенүүдө да коргойт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: