super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаттары ШКУнун Аялдар форумуна катышты

 

Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкек шаарында өткөн «ШКУнун Аялдар форуму: Аялдардын лидерлиги» аттуу эл аралык иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумга лидер айымдар, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин делегациялары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аялдардын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык процесстерге катышуусун кеңейтүү, лидерлик потенциалын өнүктүрүү жана чечим кабыл алуудагы ролун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле гендердик теңчилик, мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык түзүмдөрдө аялдардын өкүлчүлүгүн кеңейтүү боюнча сунуштар айтылды. Билим берүү, каржылоого жеткиликтүүлүк жана санариптик трансформация аркылуу аялдардын ишкердигин колдоо маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү боюнча тажрыйба алмашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: