Караколдо ток менен жүргөн кемелер курулат
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан кеме чогултуу комплексинин инвестициялык долбоору менен таанышты.
Өлкө башчынын администрациясы кабарлагандай, мамлекет башчысына суу сыйымдуулугу 350 тоннага чейинки кемелерди чогултуу комплексинин долбоору тааныштырылган. Ал жакта суу чөйрөсүнө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбай турган электр кыймылдаткычтары менен жабдылган кемелер чогултулат.
"Долбоордун курамына кеме куруучу ангар жана эки кабаттуу административдик-тиричилик имаратынан турган өндүрүш комплекси кирет. Ангарда кемелерди чогултуу боюнча өндүрүш кубаттуулуктары жайгашса, административдик имаратта кызматтык, инженердик жана техникалык бөлмөлөр орун алат. Комплекстин жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзүп, анда 120 адам эмгектенет",- деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















