super.kg logo

Президент барды... Караколдо балык чарбасы салынмакчы

 

Бүгүн, 1-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, ишканада көлгө коё берүү үчүн чабак жана сига балыктары өстүрүлүп, ошондой эле коммерциялык максатта форель жана келечекте судак өстүрүлмөкчү. Ишкана жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүгө ылайыкташтырылат. Курулуш иштерин быйыл ноябрь айында аяктоо пландалууда.

Өндүрүш комплексине 33 балык өстүрүүчү бассейн жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоону камсыздаган булганыч заттарды сыртка чыгарбай турган заманбап суу тазалоо системи кирет. Ишкана күн панелдеринин жардамы менен электр энергиясы менен камсыздалып, өндүрүштүн электр энергиясына болгон муктаждыгы толугу менен кайра жаралуучу энергия булактарынын эсебинен жабылат.

Долбоор өндүрүштүн толук циклин — балыктын чабагын инкубациялоодон баштап даяр продукция чыгарууга чейин камтыйт. Ал ички рынокту жаңы муздатылган балык менен камсыздоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, аймактын чарбалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле продукцияны Орусия жана Кытайга экспорттоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: